Архив блога

вторник, 15 февраля 2011 г.

Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун элге кайрылуусу

(На русском языке)
Урматтуу Кыргызстандын эли, мекендештер!
Мен Ош окуясы боюнча Улуттук комиссиянын жыйынтыгын расмий түрдө 14-январда алдым. Тааныштым. Ошого байланыштуу сиздерге кайрылууну туура таптым. Албетте, комиссия эбегейсиз зор иш аткарды. Аларга ыраазычылык билдирип, рахмат айтамын. Ошону менен бирге эле комиссия өзүнүн ал тыянагында : «Убактылуу өкмөт Ноокат окуясынан улам түрмөгө камалгандарды эркиндикке чыгарышы чоң катачылык»-деп айтып келип, андан ары: «Убактылуу өкмөт, күч структураларынын жетекчилери – А.Бекназаров, И.Исаков, Б.Шер, К.Душебаев, Б.Ибраевдер, Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу шаарларынын мэрлери жана бир топ райондордун акимдеринин мында күнөөлөрү бар.” – деген баасын берип, анан: «улут арасындагы кагылышууда алдын ала чара көрбөгөндүгү» үчүн аталып өткөндөрдүн саясий жоопкерчилигине баа берүү жөнүндө Президентке сунуштаптыр.
Комиссиянын тыянагы расмий документ болуп саналгандыктан, ошол учурдагы Коргоо министри жана Убактылуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары мен дагы комиссиянын ал тыянагына карата өзүмдүн расмий пикиримди билдирүүгө тийишмин. Анткени, миңдеген жарандар менен күч структураларынын өкүлдөрү ошол кан күйгөн апаат күндөрдө өз башын өлүмгө байлап, эң башкысы өлкөнүн бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн сактап калуу үчүн жана демократия менен адилеттикке жол ачкан жаңы бийликти бекемдөө максатында жасаган тарыхта калчу баатырдык иш-аракеттерине бул тыянакта өтө эле үстүртөн жана негизсиз, калыс эмес баа берилген. Документ бизди - ошол кезде тынчтыкты орнотуучуларды, коомго терс жагынан көрсөтүү максатында, бир тараптуу жазылгандыгына байланыштуу мен ага макул эмесмин.
Комиссия тарабынан апрель-июнь окуяларына көп тараптуу толук баа берилген эмес. Ошондуктан алардын чыгарган тыянактарынын кээ бирлери негизсиз, чындыкка да дал келбейт, жагдай толук камтылган эмес. Түштүктөгү окуялар жөндөн-жөн чыккан жок. Ошол болуп өткөн окуялар менен карама каршылыктар бул - эки бийлик системасынын ортосундагы күрөш, башкача айтканда, анын бир жагында - чектелбеген укугу бар президенттик, үй-бүлөлүк башкаруу бийлик системасын, экинчи жагында - президенттин укугун чектеген, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеген парламенттик бийлик системасын жактаган тарапкерлер турган. 
Ал күрөштүн биринчи этабы 2008-жылдын 24-декабрында оппозициялык күчтөр Бириккен элдик кыймылды (БЭК) түзгөндөн тартып 2010-жылдын 6-апрелине чейин, экинчи этабы 2010-жылдын 7-апрелинен тартып ошол жылдын 10-октябрына чейин болду.
Ушул күрөштүн биринчи этабында – 2010-жылдын 17-мартында өткөн Элдик курултайда жети пункттан турган талап президентке сунушталган. Анын бири – Ноокат окуясында кармалып, ур-токмокко алынып, тарыхта болбогондой кордоо менен аялдардын чачтарын кырктырып, мыйзамды одоно бузуу жолдору менен камалгандарды бошотуу болчу. Убактылуу өкмөт мыйзамдуулукту калыбына келтирүү менен негизсиз камалгандарды бошотуп, Курултайдын чечимин аткарды. Ошондуктан, муну «өтө чоң кемчилик» деп жазганы туура да эмес, адамгерчиликке да жатпайт. А.Эркебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары ошол декретке кол койгон. Убактылуу өкмөттүн ошондой чечими Ноокатта кайрадан тынчтыкты сактап калганга шарт тузду, элдин биримдигин сактап калды, окуяны күчөткөн да жок. Комиссия ушул пункту жазуу менен түпкүлүгүндө үй-бүлөлүк, криминалдык мурунку президенттик бийликтин эң чоң каталарынын бирин актоого жол ачкандыгы оркоюп көрүнүп турат.
Жогоруда айтылгандай эки бийлик системасынын күрөшүүсүнүн экинчи этабы, же активдүү фазасы, 2010-жылдын 7-апрелинен тартып ошол жылдын 10-окрябрына чейин созулду десем туура болот. Сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн экинчи этапта болгон эң негизги окуяларды тизмелеп кетейин:
- 7-апрелде президенттин өз элине мыйзамсыз ок атуусу, канчалаган патриотторубуздун октон каза табышы, жарадар-майып болушу;
- 8-14-апрелде өлкөдө болуп өткөн ички жана тышкы оор акыбалдар;
- 14-апрелде Жалал-Абад облусундагы жана шаардагы митингдер, ошол жердеги кагышуулар;
- 15- апрелдеги Ош облусундагы оор абал, Ош шаарындагы митинг, Бакиевдин Оштон жана мамлекеттен кууп чыгарылышы;
- 15-16-апрелде Жаныш Бакиевдин офицердик сөзүнө турбай качып чыгышы;
- 17-апрелде Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери министрине баш бербей, көрсөткөн нааразычылыктары, ошол учурлардагы Ош шаарындагы уюштурулган пикеттер;
- 19-апрелде Жалал-Абад шаарында Файзулла Рахмонов баштаган Бакиевдин жактоочулары облустук администрацияны басып алуулары. Ошол эле учурдагы Токмок, Ысык-Атадагы кооптуу абалдар жана Маевкадагы кагылышуу, Бишкектеги митинг-пикеттер;
- 21- апрелде Файзулла Рахмоновдон облустук администрациянын бошотулушу жана тегерегиндеги боз үйлөрдүн алынышы;
- 12-майда Бишкек шаарында Бакиевдин жактоочуларынын максатка жетпеген митинг-пикеттери;
- 13–15 майдагы түштүктүн бардык облустарында административдик имараттарды тартып алуулары, ошолордун бошотулушу, бийлик бутактарынын кайрадан орнотулушу;
- 17–20-майдагы Жалал-Абад облусундагы жана шаарындагы митингдер, Кадыржан Батыровдун айткан сөзүнө жана жасаган аракеттерине нааразычылык билдирүүнүн негизинде болгон улуттук кагылышуу, ошолорду токтотуу жана бийлик системасын ишке киргизүү. Ошол учурдагы Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон аркылуу байланышып, жаш жигиттерден турган күч топтоп, таш менен эмес, эң жакшы экипировка менен чоң тополоң уюштуруп, өз максатына жетүү аракеттери. Ошону менен бирге коменданттык сааттын киргизилиши жана 31-майга чейин анын аткарылышы;
- Май айындагы чегарадагы оор акыбалдар (өзгөчө Сох анклабынын тегерегинде), жайыт жана суу көйгөйлөрү;
- 3–4-июнда Сох анклабындагы Өзбекстан тарабынан аскер-техникаларынын алып чыгылышы (37 БМП, 4 БТР, 8 автотехника жана өздүк курамы);
- 10–13-июндагы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялар, ошол учурдагы акыбалды жөнгө салуу жана 26-июнда Өзбекстанга өтүп кеткен кыргызстандык жарандардын толук кайтып келиши; экономикалык, коопсуздук, гуманитардык маселелердин чечилиши, ошону менен бирге, социалдык чыңалууну жумшартып, турмуш-тиричилик абалын кайра калыбына келтирүү;
- 27-июнда өткөн референдум.
Жыйынтыктап айтканда, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, бардык күч структуралары жана алардын жетекчилери 8-апрелден тартып митинг-пикеттерди токтотуу, административдик имараттарды басып алуулардан бошотуу, улут арасындагы кагылышууларды токтотуу, жөнгө салуу, алардын күчөп кетпөөсүнө жол бербөө, бийлик бутактарын бардык тараптан чыңдоо, чегара маселелерин чечүү, Конституциянын жаңы долбоорун элге тааныштыруу жана талкуулоо, референдумду өткөрүү, ошону менен бирге мамлекеттин экономикалык, социалдык жана башка толгон-токой маселелерин жана Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактап калуу иштери менен күнү-түнү тынымсыз алек болгон. Аскердик термин менен айтканда биз согуштук кырдаалда болуп, биз, күнүгө ошол майданда жүргөнбүз.
Эки системанын карама-каршылыктарынан, күрөшүүлөрүнөн башка ошол убактагы окуялардын күчөтүлүшүнө көмөк болгон негизги, башка өзгөчөлүктөрүн өзүнчө белгилеп кетейин. Алар:
- экстремисттик-криминалдык аракеттердин күчөтүлүшү;
- Кыргызстандын түштүгүн ошону менен Фергана өрөөнүн өрткө айландырабыз деген күчтөрдүн аракеттери;
- улуттук экстремисттик лозунгдарга таянып түштүк регионунда улуттук этникалык негизде автономия түзүү жана тил маселесин мамлекеттик тил деңгээлине алып чыгуу аракеттери;
-айрым күчтөрдүн  финансылык жана баңгизат булактарын кайра бөлүштүрүү аракеттери;
- кээ бир коопсуздук, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик кызматкерлеринин мурунку бийлик менен болгон тыгыз байланыштары, алардын аракеттери, тымызын колдоосу.
Ошондуктан бизге коюлган «алдын ала чара көрбөгөн» – деген доомат негизсиз, туура эмес жана ыйманга жатпаган жалган жалаа.
Тескерисинче, биз алдын-ала чара көрүп, ар тараптан чыккан кагылышууларды акыл-эс, сабырдуулук менен өз убагында токтотуп, жөнгө салып, бийлик бутактарын иштетип, эл үчүн болгон аракеттерибиз коомдун колдоосуна алынгандыгы үчүн бүгүн биз төмөнкүлөргө жетиштик:
1) жаңы Конституцияны кабыл алдык. Анын негизинде легитимдүү бийлик бутактарын түздүк.
2)  Кыргызстандын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактап калдык;
3) эки бийлик системасынын ортосундагы күрөшүүнү пайдаланып, өз максаттарына жетүү үчүн улут арасындагы кагылышууну чыгарган күчтөрдүн аракеттерине, мамлекеттеги экономикалык, саясий абалга карабай, аларды күчөтпөй токтотуп калдык. Жакшы билесиздер, былтыр Кытай өлкөсүндө Үрүмчүдө болгон улуттук кагылышуу кандай болгон? Канча мөөнөткө созулган? Аларда бийлик системасынын күчү, тартиби, экономикалык абалы кандай эле? Ошого карабастан, канчалаган күчтөр менен оор абал бир жарым айга созулган. Ал эми бизде болсо он беш күндө калыбына келтирилди;
4) чексиз укугу бар президенттик үй-бүлөлүк бийлик системасы түп-тамыры менен жулунду;
5) бийлик бутактарын толук кандуу иштетип, өлкөдөгү экономикалык, саясий ж.б. акыбалды сактап калдык;
6) өлкөдөгү оор кырдаалдан пайдаланып, Кыргызстандын түштүгүн, жалпы Фергана өрөөнүн, Кыргызстанды экинчи Ооганстанга айландырабыз деген күчтөрдүн максаттары ишке ашпай, четке кагылды;
7) эң негизгиси, качып кеткен президент Бакиевдин өзүнүн, баласы Максимдин, иниси Жаныштын Кыргызстанды канга чылайбыз жана «кипиш» кылабыз деген пландары жана иш-аракеттерин ошондой деңгээлге жеткирбей, өлкөдөгү тынчтыкты сактап калдык. 
Урматтуу мекендештер!
Эмне үчүн жогорудагы айтылган Убактылуу өкмөттүн, күч структуралардын жетекчилеринин, катардагы кызматчылардын, жоокерлердин, офицерлердин, Кыргыз элинин патриотторунун жана биздин аксакалдардын, кадырлуу жарандардын эмгектери комиссия тарабынан бир сүйлөм менен да белгиленбейт? Жок дегенде реалдуу түрдө аткарылган иштер жана жыйынтыктар эмнеге жазылбайт. Акыйкат айтканда, Убактылуу өкмөт жана күч структураларынын жетекчилери, губернаторлор, кээ бир мэрлер жана акимдер болгону 8-апрелден июль айына чейин гана иштешти. Эсептесек, үч айга жетпейт экен, ал эми 8-апрелден 10-июнга чейин эсептесек, эки ай эки күн болот. Эгерде эң кеминде бир-эки жыл иштесе же карама-каршылыгы жок бир эле башкаруу системасында иштеп турсак – анда  башка эле.
Мен, Исмаил Исаков, ошондой оор кырдаалда Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү ыйгарым укуктуу өкүлү жана коргоо министр катары Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү, күч структураларынын жетекчилери, Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу шаарларынын мэрлери жана райондордун акимдери, ошол кырдаалдарга катышкан катардагы кызматчылар, жоокерлер, жарандар менен биргелешип жалпы элдин жана жаш муундардын келечеги үчүн тынчтыкты, өлкөнүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн  сактоодо биргелешип эмгектенгениме сыймыктанамын. Ошол оор учурларда күнөөсүз каза болгондордун, жоголгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Канчалык оор экенине, жоготууларга карабай биз алдыбызга койгон максаттарыбызга жеттик.
Ошону менен бирге Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, күч структураларынын жетекчилери: А.Бекназаровго, Б.Шерге, К.Душебаевге, Б.Ибраевге Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлоруна, Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэрлерине, райондордун акимдерине, мени менен ошол окуяларда бирге болуп, менин көрсөтмөлөрүмдү аткарып, мага жардам берген миңдеген жарандарга, кызматчыларга, жоокерлерге жана офицерлерге чоң ыраазычылыкты билдирүү менен рахмат айтамын. Эмгек, даңк, сый – силердики.
Ушунчалык кыйынчылыктар менен орнотулган жаңы башкаруу бийлик системасы менен эски системанын күрөшүүсү дагы эле уланууда. 2010-жылдын 10-октябрынан баштап күрөштүн үчүнчү этабы башталды. Легитимдүү бийлик бутактарында дагы да болсо мурунку бийлик системасынын өнүгүшүнө, тамырланышына салым кошкондор да келди. Алар дале болсо өз максаттарынан баш тартыша элек, кайрадан акыбалды күчөткөнгө жана ушул жаңы башкаруу бийлик системасын орнотууга чоң салым кошкондорду каралоо аракеттерин жүргүзүшүүдө. Далил катары айта кетейин, улуттук комиссиянын азыркыдай тыянагы мугалимдердин, ар тараптан пикеттерге чыгып, айлык маянасын көбөйтүү талаптарын коюшу, Убактылуу өкмөттүн элдин кызыкчылыгын көздөп чыгарган декреттерин жокко чыгаруу аракеттери, коопсуздук жана укук коргоо органдарынын профессионал, өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөткөн жетекчилерин жана башка кадрларды негизсиз дооматтар менен кызматтан алуу талаптарынын коюлушу.
Биздин ардактуу мугалимдерге кайрылат элем: «Сабырдын түбү – сары алтын» дейт кыргыздар. Сиздердин колдооңуздар менен биз азыркы бийликке жетиштик, жаңы бийлик системасын орноттук. Эми натыйжа чыгыш үчүн убакыт керек. Дыйкандарыбыз эгин эккенде эч качан бир-эки айда түшүмүн бербейт, жок дегенде – алты ай керек. Баарыбыз биригип бүгүнкү бийликке, жок дегенде өкмөткө беш-алты ай убакыт берели. Кудай колдосо, мен терең ишенем, май-июнь айларында мугалимдердин айлык маяналары, жок дегенде, эки-үч эсе көбөйөт. Сиздер түшүнүп-түшүнбөй мурдагыдай бирөөлөрдүн куралы болуп калбаңыздар. Өзүбүздүн, балдарыбыздын, урпактарыбыздын жана келечек муундарыбыздын бактысы үчүн ачылган жолду өзүңүздөр тоспоңуздар. Андан көрө азыркы бийлик бутактарына келген, репутациясы таза эмес адамдарга туура баа берип, коомду тазалаганга салым кошолу.
Өзүңүздөр массалык-маалымат каражаттарынан уктуңуздар, көрдүңүздөр: энергетика жана жылуулук маселесин карап жатканда энергетика министри электр энергиянын өздүк баасын билбеймин жана ошол тармакта иштегендер дагы билбейт экен деп жооп берди. Мен ойлойм, мындай жооп мурун тамырлаган коррупция системасынын иштешин далилдейт. Ал эми юстиция министрине шайланган мырза «Сизди Жогорку соттон мыйзамсыз алган үчүн сотко бересизби?» – деген суроого так жооп бере алган жок. Мен ошол декретке кол койгон Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары айтаар элем, бизге түшкөн маалымат боюнча ал Максим Бакиевге «Азияуниверсал» банкты жана башка бизнес объектилерин мыйзамсыз, Максимдин түз көрсөтмөсү деп, судья болуп туруп мыйзамды одоно бузуп, чечим чыгарып бергендиги үчүн алынган. Биз сиздер менен биргеликте ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек.
Урматтуу мекендештер!
Менин оюмча улуттук комиссиянын жыйынтыгы эки нерсеге көмөктөш болгондугу ачык көрүнүп турат. Биринчиден, Убактылуу өкмөттүн эл үчүн кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу. Экинчиден, эң тажрыйбалуу, чечкиндүү жетекчилерге негизсиз жалаа жаап, саясий аренадан четтетип, жаңы бийликти тамырлатып, эл үчүн таза коом курабыз деген команданы алсыздандыруу. Андан ары кайгылуу окуялардын чыгышына түздөн-түз  себеп болуп, баштап, финансылык каражат берип, калкты кагышка үндөп алып келип жаткандарды актап, баатыр кылып көрсөтүү. Алар эки бийлик системасынын ортосундагы айыгышкан күрөштү эске албай, бир эле Ош окуясынын айланасындагы улуттук кагылыштардын негизинде тар, бир жактуу чечимдерди чыгарыптыр.
Ошондуктан мен өзүмдүн абройума доо кетирүүчү: «Ош окуяларында улуттук кагылышууну болтурбоо үчүн алдын-ала чара көрбөгөн» – деген күнөөнү четке кагуу үчүн комиссиянын чечимин негизсиз деп эсептеп, сотко беремин.
Биз өзүбүздүн жүрүш-турушубуз, ишибиз, профессионалдык деңгээлибиз, патриоттук сезимибиз жана духубуз менен Кыргызстандын жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн мурдатан бери таза, ак эмгек кылып келгенбиз. Мындан кийин да жаңы коом үчүн сиздер менен бирге талыкпай эмгек кылабыз. Таза, ак эмгегибиз менен ар дайым сиздер менен бирге болобуз. «Мен Кыргызстан үчүн кандай салым коштум?»-деген ураан менен ар бирибиз талыкпай иштешибиз зарыл.
Баарыңыздарга бакубат турмуш, ишиңиздерге ийгилик каалаймын!
                                                                                                                              И. Исаков
                                                                                                                17 январь, 2011 ж.



Комментариев нет:

Отправить комментарий